• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Россияда өткөрүлгөн шахмат турниринде кыргызстандыктар 3 медалга ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Росияда өткөрүлгөн дүйнөлүк шахмат боюнча жаштар арасында мелдеште кыргызстандыктар 3 медалга ээ болушту. Бул туурасында Кыргызстандын Шахмат федерациясынан билдиришти.

Шахмат боюнча турнир 2-5-июнь аралыгында Ханы-Мансийск шаарында өткөрүлгөн. Аталган турнирге Кыргызстандан 4 спортчу барган.

Балдар арасындагы турнирде Нурсултан Сакибаев 8,5 упай менен коло медалды тагынган. Өмүрбек Керимкулов алтынчы, Владислав Онуфриенко он бешинчи орунга илинди.

Кыздар арасында Азалия Мирлан кызы 9 упай менен 3-орунду ээледи.

Кыргызстандан барган спортчулар тайпалык көрсөткүчү боюнча экинчи сапка илинди.

Пикир

Оставить комментарий