• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт башчы журналистти келекелеген Абдраимовдун кылыгына баа берет

Коом 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналистти келекелеген өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кылыгына баа берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Мындай окуя аткаруу бийлик бутагына көлөкө түшүрөт. Өкмөт башчы мамлекеттик орган жетекчилеринен дайыма ачык болууну талап кылат. Ал ушундай жол менен гана жарандардын бийликке жана кабыл алынган чечимдерге ишенимин арттырууга болорун белгилеп келет. Айрыкча, бул коомдогу актуалдуу маселелерге көңүл бурган журналистика коомчулугунун өкүлдөрү менен кызматташуу маселелерине тийиштүү", - деп билдиришти өкмөттүн басма сөз кызматы.

Басма сөз кызматы белгилегендей, буга байланыштуу окуянын чоо-жайы менен таанышкандан кийин премьер-министр Т. Абдраимовдун аракеттерине баа берүү маселесин карайт.

Эскерте кетсек, кечээ, 5-июнь күнү Орок айылында Абдраимов "Ала-Тоо 24" каналынын суроолоруна жооп берип жатам деп, журналисттердин бирине жооп берүүдөн баш тарткан. Ал анын себебин "журналисттин түрү жаккан жок" деп айтып, күлүп басып кеткен.

Бүгүн журналисттер өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн бул жагдай боюнча комментарий алууга барганда, ал журналисттердин кечирим суроо боюнча жана "айткандарына өкүнөбү" деген соболдоруна, кечирим сурабай турганын жана айтканына өкүнбөй турганын билдирген.

Учуда журналисттер коомчулугу жана социалдык тармактын колдонуучулары Абдраимовдун журналисттен кечирим суроосун жана кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

Пикир

Оставить комментарий