• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги перинаталдык борбордун курулушу августтун аягында башталат

Коом 0

БИШКЕК, 16.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы перинаталдык борбордун курулушу августтун аягында же сентябрдын башында башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жазгүл Кийизбаева билдирди.

Жаңы перинаталдык борбордун курулушу жана жабдылышы тууралуу Германия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге 2011-жылдын октябрында кол коюлган. Келишимге ылайык, немис тарап долбоорду ишке ашырууга 10,5 млн еврону кайтарымсыз негизде берет. Каражаттарды которуу келишимине 2017-жылдын 19-июлунда кол коюлган.

“Бул долбоор боюнча келишимге кол коюлуп, күчүнө кирген, бирок айрым шарттарга байланыштуу ишке ашпай келген. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги жалданма компанияларды тандоону аяктады. Августтун аягында же сентябрдын башында капсула салынып, курулуш башталат деп ойлойм”, - деди Кийизбаева.

Пикир

Оставить комментарий