• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери митингден жабыркагандардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги митингден жабыр тарткандардан кабар алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Улуттук госпиталдагы 120 жаран менен жолугушту. Топту акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жетектеген.

Оорукананын башкы дарыгери Токтобай Манаев учурда ар кандай жаракаттарды алган 90 бейтап дарыланып жаткандыгын, 4 бейтап реанимацияда жана бир жабырлануучу каза болгонун билдирди.

Ошондой эле жабыркагандар негизинен 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштар экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий