• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фотокапкан - ак илбирс, тоо текелер жана аюу сүрөткө түшүп калган

Коом 0

Бишкек, 12.11.18 /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги жана “Илбир Фондунун” кызматкерлери биргеликте Ош облусунун Чоң-Алай районунун Тараша, Миң-Теке, Текелик жана Шибе жерлеринде мурун орнотулган фотокапкандарды чечишкен.

Аталган фотокапкандар Мамлекеттик агенттиктин, “Илбирс Фондунун” "Миң теке" КФ, "Бек тосот" КФ, ОSl "Pantnera" кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын июль айында ушул акмактагы жапайы жаныбарлардын санын аныктоо максатында орнотулган. Аталган иш-чаранын натыйжасы таң калтырат.

Токой чарба агенттиги тарабынан жапайы жаныбарлардын анын ичинен ак илбирстин санын көбөйтүүгө жана айлана чөйрөнү коргоого багытталган активдүү ишмердүүлүгү өзүнүн түшүмүн берүүдө. Мурун жапайы жаныбарларды жана илбирстерди көрүү чоң кыйынчылыктарды туудурчу. Эгер 15 жыл мурун илбирстер жоголуу астында турса, азыркы күндө биз алардын кайтып келгендигин сыймыктануу менен айта алабыз.

2015-жылдан баштап Токой чарба агенттиги жана коомдук фонддор ортосундагы жапайы жаныбарларды коргоо келишиминин негизинде аталган аймактар жергиликтүү калк тарабынан корголуп келет.

Пикир

Оставить комментарий