• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте таэквандо боюнча ВishkekОреn ачык чемпионаты өттү –сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 12.11.18 /Кабар/. Дем алыш күндөрү Бишкек шаарындагы № 62 мектеп-гимназиясында таэквондо боюнча ВishkekОреn күзгү ачык чемпионаты өттү.

Мелдеш Дүйнөлүк таэквондо федерациясы белгилеген Керуги (спарринг) эрежесине ылайык балдар жана өспүрүмдөр арасында болгон.

Ага Бишкек, Ош жана Алма-Ата шаарларынын 12ден ашык клубунан келген 160 спортчу катышты.

Аталган биринчиликти Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен Кыргызстандын таэквондо академиясы биргеликте уюштурган.

Бардык жеңүүчүлөр менен байгелүү орундун ээлери медаль жана димломдор менен сыйланышып, машыктыруучулар арасында жалпы командалык орун үчүн кубок ойнотулган.

Салмак чендер:

- балдар: 2009-2010-жылы туулгандар арасында: 24 кг, 26 кг, 28 кг, 30 кг, + 30 кг;

- өспүрүмдөр: 2007-2008-жылы туулгандар арасында: 25 кг, 28 кг, 31 кг, 34 кг;

- кадеттер: 2004-2006-жылы туулгандар арасында: 33 кг, 37 кг, 41 кг, 45 кг, 49 кг, 55 кг;

- жаш уландар: 2001-2003-жылы туулгандар арасында: 48 кг, 55 кг, 63 кг.

Пикир

Оставить комментарий