• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футзал: Эртең Кыргызстан менен Түркмөнстан оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Футзал боюнча 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигине тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Түркмөнстан жана Ирандын командалары менен беттешет. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Бүгүн, 23-октябрда Ирандын Урмия шаарында оюндар старт алат. Жалпы беттешке 7 команда катышат. Алар А жана В тайпаларына бөлүштүрүлгөн:

А тайпасына: Өзбекстан, Тажикстан, Непал, Афганистан.

В тайпасына: Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан.

Эртең, 24-октябрда Кыргызстандын курамасы Түркмөнстандын командасы менен оюн өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.

Ал эми улуттук курам 25-октябрда Ирандын командасы менен саат 20:30да беттешет.

Пикир

Оставить комментарий