• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

U23 Дүйнө чемпионаты: Бүгүн кыргызстандык үч балбан килем үстүнө чыгат

Спорт 0

Бишкек, 01.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда Сербияда 23 жашка чейинкилер арасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтөт.

Чемпионаттын алгачкы күнүндө грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч балбан: Акыйкат Кулжигит уулу (55 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Азат Салидинов (87 кг) килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, буга чейин 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Кыргызстандын курамасы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий