• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорттордо жол акысы көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 1-ноябрдан тартып коомдук транспорттордо жол акысы көтөрүлдү.

Бишкек мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, менчигинин түрүнө карабастан, саат 08:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден ашпаган кичи автобуста жүргүнчүнүн сүрөтү, аты-жөнүн көрсөтүү менен персоналдаштырылган транспорттук картасы бар пенсионерлер үчүн жол кире акысы 8 сомду түзөт.

Ал эми менчигинин түрүнө карабастан кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден жогору болгон троллейбус жана автобустарда жүрүүнүн акысы 11 сом, кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден аз болгон маршруттук таксилерде жана автобустарда жүрүү 15 сомго кымбаттады.

Пикир

Оставить комментарий