• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокенде аз камсыз болгон, жалгыз бой жана кѳп балалуу 100 эне турак жайлуу болду

Коом 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Кечээ, 5-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Аримжан айылындагы 100 батирлүү 25 социалдык турак үйдүн курулушу аяктап, жүз аз камсыз болгон, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелерге берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, долбоорго демөөрчүлүк кылган "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана шаарчанын тургундары катышты.

Ири демилгенин алкагында курулган шаарчада коомдун аярлуу катмарындагы аз камсыз болгон, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Облус өкүлү турак жай ээлерин куттуктап, мында тургундар үй менен гана камсыз болбостон, 100 орундуу тигүү ишканасы, нан бышыруучу цех, ФАП, мечит жана дүкөн, кичи футбол аянтчасы да курулганын белгиледи. Бул аракет шаарча жашоочуларынын муктаждыктарын камсыздоо менен бирге, турмуш шартын жогорулатууга көрүлгөн камылга экенин айтты. Өкүл демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, облус аймагындагы социалдык-экономикалык кызматташтык алакалары мындан ары да улантылаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, демилге "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып, жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий