• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин Ленин жана Свердлов райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондоруна жаңы акимдер дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, муниципалдык кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдалануу үчүн, Свердлов районунун башчысы Осмонов Мурат Мукашбекович ротациялоо жолу менен Ленин районунун башчысы кызматына которулду.

Мурунку аким Өскөмбаев Мелис Кубанычбекович жеке арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Карамшаков Бахтияр Табалдиевич Свердлов районунун башчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал мамлекеттик администрациянын - Чүй облусунун Жайыл районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Пикир

Оставить комментарий