• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытай менен Тажикстан чектешкен аймакта күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Кытай менен Тажикстан чектешкен аймакта очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Жер титирөө бүгүн, 29-апрелде болжол менен саат 06:23тө катталып, Ош облусунун Алай районунун Нура жана Бор-Дөбө айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий