• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчылар эки өлкөнүн жарандары жана товарлар чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын мындан ары да ырааттуу жана макулдашылган ишин камсыз кылуу боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурушту.

Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий