• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев өкмөттүн аппаратынын жаңы жетекчиси Самат Кылжыевди тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жамаатына жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыевди жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду тааныштырды.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын алдында бүгүн маанилүү, анын ичинде кабыл алынган укуктук-ченемдик актыларды активдүү илгерилетүү жана сапатын жогорулатуу, жарандар жана коомдук уюмдар, мамлекеттик органдар тарабынан келип түшкөн өтүнмөлөргө ыкчам жооп берүү милдеттери турат. Самат Кылжыев – тажрыйбалуу, жаңы кызматта жемиштүү иштөө үчүн жөндөмү жана билими бар адам. Анын көп жылдардан бери Өкмөттүн Аппаратында иштеп, ар бир түзүмдүк бөлүктүн иши менен тааныш экендиги маанилүү. Сиз коюлган тапшырмаларды аткара аласыз деп ишенем. Сизге ийгиликтерди каалайм», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса белгилегендей, өлкө өкмөтүнүн алдында бүгүнкү күнү принципиалдуу максаттар турат. Аларды толук кандуу жана сапаттуу аткарууда министрлер ишинин кабинетинин ишин уюштурган жана аткаруу бийлигинин органдарынын тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөгөн өкмөттүн аппараты маанилүү роль ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий