• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда үчүнчү ирет кол күрөш боюнча Азия биринчилиги өтөт

Спорт 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда үчүнчү ирет кол күрөш боюнча Азия биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Кол күрөш боюнча мелдеш Чолпон-Ата шаарында 9-12-июнь күндөрү болуп өтөт. Анда Азиянын 10 өлкөсүнөн 554 спортчу күч сынашат.

Кыргызстандын атынан бул мелдешке 184 спортчу катышат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда кол күрөш боюнча Азия биринчилиги 2007 жана 2017-жылы өткөн.

Пикир

Оставить комментарий