• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири – мал чарбачылыгы тармагын жакшыртуу

Өкмөт 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июлда, Чүй облусунун Суусамыр жайлоосунда өткөн Кыргыз Республикасынын малчыларынын V республикалык чогулушуна катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, мал чарбасы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары саналат.

«Өлкө Президентинин Жарлыгына ылайык, 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган, аймактык саясаттын башкы максаты – элибиздин жашоо-шартын жакшыртып, республиканын аймактарын өнүктүрүү. Бул багытта аймактарды адистештирип, кластерлерди ишке киргизүү мерчемделип жатат. Айыл чарбасында кооперативдерди түзүү, кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду, товардык жана кредиттик кооперативдерди түзүү боюнча маселелер чечилет. Келечекте биз булар менен катар мал чарба продукцияларын сатып өткөрүү үчүн рынокторду кеңейтүүбүз зарыл. Биз жаңы рынокторду «Кыргызстанда жасалган» брендин ар тараптуу алга жылдыруу менен экологиялык жактан таза азыктарыбызга, продукцияларыбызга таянуу аркылуу багындыра алабыз. Биздин өлкө дүйнө жүзүнө экологиялык таза продукцияны өндүрүүчү катары таанылышы керек», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, республикабыздын калкынын 70% жакыны айыл жергесинде жашап, айыл чарбасы менен алектенип келет. Андыктан өлкөбүздүн экономикасында айыл чарбасынын ролу эң чоң.

«Акыркы беш жылда айыл чарбасын колдоо боюнча жалпысынан 28 млрд сомго жакын жеңилдетилген кредит берилген болсо, анын жарымы мал чарбасына бөлүнгөн. Анын натыйжасында өлкөбүздүн мал чарба тармагы турукташып, мал киндиктүү жерибиз кайрадан малга толуп, элибиз мал-жандуу боло баштагандыгы кубандырат. Учурда республикада 1 ,6 млн ашуун ири мүйүздүү мал, 6 млн ашык кой-эчки, 820 миң жылкы бар. Мындай өнүгүү динамикасы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерибиздин туура багытта экендигинен кабар берет», – деди ал.

Буга катар Премьер-министр белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдында сандан сапатка өтүү боюнча милдеттер турат.

«Быйылкы жылы мал чарбасын колдоо иретинде “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоору аркылуу мал чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд 662 млн сом жеңилдетилген кредит берилди. Учурда кайра иштетүү өнөр жайын жана экспорттук мүүмкүнчүлүктү өнүктүрүү боюнча иштер аткарылууда. Өкмөт асыл тукум чарбаларын субсидиялоо аркылуу өлкөнүн фермерлерине колдон келген көмөгүн көрсөтөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр республикада асыл тукум жылкыларды, койлорду, ири мүйүздүү малдарды көбөйтүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар экендигине басым жасады.

«Өлкөдө 4 ветеринардык лаборатория курулуп, аларды жабдууга 100 млн сом бөлүнүп берилди. Областтарда 12 регионалдык ветеринардык лаборатория капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мындан тышкары, чет жакка чыкпастан, өлкө ичинде малдарды эмдөө макстында малдын жети түрлүү ылаңына каршы вакциналарды алуу пландаштырылууда», – деп кошумчалады Өкмөт башчы.

Өкмөт башчы мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жайыттарды жана айдоо жерлерин кеңейтүү талап кылынарын белгиледи.

«Бүгүнкү форумдун жүрүшүндө анын катышуучулары тараптан мал чарбачылыгын жана жалпы айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар натыйжалуу сунуштар иштелип чыгат деген ишеничтемин. Кыргыз эли эзелтеден эмгекчилдиги, ынтымагы жана меймандостугу менен өзгөчөлөнүп келген. Биз аталган сапаттарыбыз аркылуу өлкөнүн ырааттуу өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо алабыз», – деп жыйынтыктады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев асыл тукум малдардын көргөзмө-аукциону жана мал-чарбачылыгы жаатындагы жетишкендиктер менен таанышты.

Анын жүрүшүндө фермерлер жеңилдетилген кредит берүү аркылуу колдоо көрсөтүү боюнча өтүнүч менен кайрылышты, Премьер-министр бул жаатта Өкмөт тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий