• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты - фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Мындан тышкары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусуна катышты.

Пикир

Оставить комментарий