• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Ереванда өтүп жаткан ЕӨАКтин тар курамдагы жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 20.10.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, быйыл Кыргыз Республикасы ЕАЭБ органдарына төрагалык кылууда.

«Сиздер менен меймандос Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында көрүшкөнүмө кубанычтамын. Биздин жыйын татаал геосаясий жана геоэкономикалык кырдаалда өтүп жатат. Ушул жөнөкөй эмес мезгилде биздин бирикме, менимче, өзүнүн негизги максатын – өз ара соодада тоскоолдуктарды жоюу жана анын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү аркылуу жарандардын жашоо сапатын жакшыртууну көрсөтүшү керек. Бул үчүн бизде зарыл болгон нерселердин бардыгы, эң башкысы – биздин мамлекет башчыларынын саясий эрки бар. Биз чыныгы өз ара пайдалуу экономикалык өнөктөштүк үчүн өкмөттөрдүн колунан келген аракеттерди жасообуз керек. Биз баарыбыз бирдиктүү максатка – мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн интеграциялык бирикмебиздин төрт негизги жобосун илгерилетүү аркылуу Биримдигибизди бекемдөөгө умтулабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Ал белгилегендей, жыйындын күн тартиби маңыздуу жана Евразиялык экономикалык биримдик үчүн эң маанилүү жана актуалдуу маселелерди камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий