• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев менен Медведев актуалдуу маселелерди талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн өлкөгө келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Кыргызстандын Өкмөт башчысы россиялык кесиптешин жылуу тосуп алып, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин белгилеп өттү.

«Мамлекет башчылар тарабынан кабыл алынган Биргелешкен билдирүүдө кыргыз-россия мамилелерин көп жактуу өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттары аныкталган. Сегизинчи кыргыз-россия аймактар аралык конференциянын алкагында кол коюлган эки тараптуу келишимдердин, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү жалпы суммасы 6 млрд АКШ доллардык долбоорлордун көлөмдүү пакети эки жактуу кызматташтыктын иш жүзүндөгү милдеттерин чечүүгө багытталган», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр сөзүндө уланткандай, республика үчүн маанилүү бул визиттен тышкары үстүбүздөгү жылы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 21-чи кыргыз-россия жыйыны ийгиликтүү өткөрүлдү.

«Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында биздин мамлекет башчылар 2020-жылды Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын, Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Жылы катары жарыялоо тууралуу макулдашышкан. Пландалып жаткан иш-чараларды эске алуу менен кийинки жылы эки жактуу алакаларды өнүктүрүү динамикабыз улантылат деген зор ишенибиз бар», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев өз кезегинде меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчылар кыргыз-россия мамилелери өнөктөштүктүн жана союздаштык байланыштардын сапаттык жогорку деңгээлге чыккандыгын канааттануу менен белгилешти.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий