• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мирзиёев: Кыргызстан биздин маанилүү стратегиялык өнөктөшүбүз, эң жакын коңшубуз жана досубуз

Саясат 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда, Бишкекте президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кеңири форматта жолугушуу өткөрдү.

Шавкат Мирзиёев акыркы эки жылда өзбек-кыргыз кызматташтыгы эң жемиштүү өнүгүп жатканын белгиледи.

“Кыргызстан биздин маанилүү стратегиялык өнөктөшүбүз, эң жакын коңшубуз жана убакыт сынагынан өткөн досубуз”, - деди Өзбекстандын лидери.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, суу-энергетикалык жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өзбекстандын президенти акыркы жылдары эки тараптуу сооданын көлөмү жети эсеге өскөнүн канааттануу менен баса белгиледи.

“Өткөн жылы эле соода 30 пайызга өсүп, 1,3 млрд долларды түздү”, - дейт Мирзиёев.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти 26-27-январь күндөрү мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда жүрөт. Эки өлкө лидерлери бүгүн, 27-январда, кеңири форматта жолугушуу өткөрүштү.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий