• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Сүйлөшүүдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.

Тараптар координациянын жана биргелешип аракеттенүүнун маанилүүлүгүн белгилешип, ошондой эле зарыл маалыматтарды ыкчам алмашуу жана тиешелүү жардамдарды берүү тууралуу макулдашышты.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө ошондой эле Россия Федерациясынан импорттолуучу күйүүчү-май, азык-түлүк жана товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий