• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өзбекстан Иранга гуманитардык жардам жөнөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-март күнү Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Иранга, ал жакта коронавирус жайылып жатканына байланыштуу атайын учак менен сактануу каражаттары жана дары-дармектерден турган гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзбекстандын аталган министрлиги билдирет.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, Өзбекстан Иранга медициналык колкап, беткап, медициналык кийим, дары-дармек ж.б. жөнөткөн.

Учак кайра кайтканда Ирандагы 28 өзбекстандык жаранды ала келет. Алардын 14ү иран-түркмөн чек арасы жабылгандыктан өлкөдөн чыга албай калган айдоочулар болушат.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстан Кытайга эки ирет гуманитардык жүк жөнөткөн.

Учурда Өзбекстанда коронавирус жуктурган 6 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий