• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев жаңы төрөлгөн наристелердин өмүрүн сактап калуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда жарыкка келген төрт наристеге жана анын энесине тийиштүү кам көрүп, кароого алууну тапшырды.

Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жаңы көз жарган эненин абалынан кабар алып, абалы начар бойдон калып жаткан төрт эмге жана анын энесине комплекстүү медициналык көмөк көрсөтүү маселесин көзөмөлгө алды.

Абылгазиев наристелердин өмүрүн сактап калуу үчүн натыйжалуу чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий