• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖАМК ачкачылык жарыялаган блогер Гүлзат Мамытбектин абалы тууралуу билдирди

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган Гүлзат Мамытбек деген ат менен белгилүү болгон блогер жана ишкер Гүлзат Алымкулова ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу маалыматты “Кабар” агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Гүлзат Мамытбектин ден соолугунун абалы туруктуу деп бааланууда. «Анын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал чай ичип жатат», - деп кошумчалашты ведомстводон.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек Кыргызстандын кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлерине 14-ноябрдан бери нааразылык иретинде ачкачылык жарыялап жатканын билдирген.

Белгилүү болгондой, Биринчи май райондук милициясына 7 жаран арызы менен кайрылып, анда алар ишенимге кирип, кыска мөөнөттө ири кирешени убада кылып, алардан акча алып изин жашырып кеткен Г.А. аттуу жаранга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң долларды түзөт.

Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен каттоого алынган.

Алынган маалымат боюнча, жаран Г.А. 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

2020-жылдын 8-июнунда жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар боюнча Г.А. Жазык кодексинин 204-беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген шек менен сырттан билдирилген.

2020-жылдын 13-июлунда Биринчи май райондук соту тарабынан Г.А.нын сырттан баш коргоо чарасы Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго камакка алуу түрүндө тандалган.

2020-жылдын 8-августунда Г.А. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 237-беренесине ылайык, кылмышка шектүүнү издөөгө байланыштуу убактылуу токтотулган.

2021-жылы 25-октябрда жаран Г.А. Кыргызстанга келгенде кармалып, Биринчи май райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий