• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Адем” тобу эл аралык таланттар сынагында “Алтын баскычка” ээ болушту

Маданият 0


Бишкек, 13.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандык “Адем” бийчилер тобу Asia’s Got Talent таланттар сынагында “Алтын баскычка” ээ болушту. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында маалымдалат.

“Адем” тобунун хореографы Атай Өмүрзаков дагы өзүнүн интернет баракчасында жагымдуу жаңылык менен бөлүшкөн.

““Адем” тобу Asia’s Got Talent сынагында Golden Buzzer алтын баскычты алышкан. Менин окуучуларым мыкты бий үчүн дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө жолдомо алышты”,-деди ал.

Маалыматка ылайык, 12-октябрда Asia’s Got Talent сыналгы шоусунун экинчи айлампасы башталган. Бул сынак америкалык America’s Got Talent жана россиялык “Минута славы” сынактарына окшош.

Анда Азия континентиндеги 27 өлкөдөн талапкерлер катышып, баш байге – 100 миң АКШ доллары үчүн күч сынашат.

Сынактын биринчи баскычында калыстар тобу тарабынан эң мыкты аткарылган номер үчүн катышуучуларга “Алтын баскыч” берилет. Бул сезондо “Алтын баскычты” кыргыз бийчилери алышкан.

Пикир

Оставить комментарий