• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МСК 9 айдын ичинде дээрлик 52 млрд сом салык чогулткан

Экономика 0

Бишкек, 13.10.17./Кабар/. 2017-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында Мамлекеттик салык кызматы дээрлик 52 млрд 37 млн сом салык чогулткан. Коюлган план 100% аткарылган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

2016-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд 345,7 млн сомго же 9,1% жогорулаган. Аны менен бирге сатуу салыгын кошпогондо (ал боюнча 2016-жылы бошотуулар берилген) салыктын келип түшүүсү 6 млрд 283 млн сомго, башкача айтканда 14,7% жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий