• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адылбек Касымалиев: Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн ар бир заводдун кеңейиши бизге өтө маанилүү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.03.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кант цемент заводундагы жаңы линиянын курулушун баштоо салтанатына катышты.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев заводдун клинкерлер боюнча жаңы линиясынын курулушунун башталышы куттуктап, өндүрүштүк кубаттуулуктар кеңейген сайын мамлекеттин өнөр жай кубаттуулугу да жогорулагандыгын, ар бир завод-фабрика, ишкананын иштеп жана өнүгүп кетишине эң ириде мамлекет кызыктар экенин белгиледи.

“Кант цемент заводу 2018-жылы мамлекетке салык жана төлөмдөр катары 280,6 млн сом киреше берип келсе, 2022-жылы модернизация болгондон бери 747,3 млн сом, 2023-жылы 857,5 млн сом, 4 эсе көп киреше берди”, — деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле ал, былтыр Кант заводуна экспортко багытталган газобетон чыгаруучу линия үчүн РКФР аркылуу 8,5 млн долларлык каржылоо көрсөтүлгөнүн, ал эми бул жылы Евразиялык өнүктүрүү банкы аркылуу 50 млн доллар кредит, 20 млн доллар өздүк салым болуп, клинкерлер боюнча жаңы линияны куруу башталганын белгиледи.

Ошондой эле Минкаб башчысынын биринчи орун басары, заводдун мультипликативдик эффекти абдан чоң экенин белгилеп, мешок чыгарган ишканадан тартып, керектөөчү ишканаларга чейин – жалпысынан 45 компания менен кызматташып жатканын кубаттады.


Маалымат үчүн: Кант цемент заводунда учурда 850 адам туруктуу жумуш оруну менен камсыз болуп, жылына 1,1 млн тоннадан ашык цемент өндүрөт. Жаңы линия салынып бүткөн кезде: клинкер кирпичтери кургак түрдө чыгарылып, өндүрүштүк кубаттуулугу – суткасына 2500 тонна, бир жылда 800 миң тонна жогорку сапаттагы клинкер чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий