• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Узундугу 350 метр. Жалал-Абадда дагы бир жер алдындагы тоннель табылды (видео)

Аймак 0


Бишкек, 20.03.24./Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасында дагы бир жер алдындагы тоннель табылды. Бул тууралуу "Кабарга" Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-мартта саат 17:30 чамасында милицияга Бек-Абад айылында Өзбекстандын аймагына өтүүчү жер астында казылган тоннель тууралуу ыкчам маалымат алышкан.

Бул факты Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Материал боюнча Сузак РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу прокуратура кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге барышкан.

Текшерүүдө Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылынын тургуну 1983-ж.т. М.М. аттуу жарандын үйүнө кирген учурда короонун ичинде шагыл үйүлүп турган.

Үйдүн ичиндеги бөлмөсүндө жер астынан казылган туннелге түшүүчү атайын пластиктен жасалган эшик орнотулган.

Тоннелдин тереңдиги 12,5 метр болуп, ылдыйга түшүү үчүн атайын темирден жасалган шаты орнотулган.

Тоннель Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун Коргон-Төбө районунун аймагына карай узундугу 350 метр, бийиктиги 2 метр 20 см. туурасы 1 метрди түзгөн.

Тоннелдин ичине атайын электр жарыктыктары орнотулуп, эки тарапка адамдар жөө басып мыйзамсыз өтүүгө, жүк жана башка буюмдарды мыйзамсыз ташууга даярдалгандыгы такталган.

Үйдүн короосунан тоннель казганга колдонулган үй шаймандары, казуу учурунда кийилген эркек кишинин кийимдери алынган.

Азыркы учурда бул окуяга тиешелүү адамдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 19-мартта УКМК тарабынан аталган айылдан жер астындагы тоннель табылган болчу.

Пикир

Оставить комментарий