• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткенде кыш заводу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.17 /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында кыш заводу ачылды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Ачылыш аземине КР ЖК депутаты Мурадыл Мадеминов, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен айыл эли катышты.

Жеке ишкер Мурзакарим Ботобеков 600 миң АКШ долларына бааланган кыш заводун куруп, сапаттуу бышкан кыш өндүрүп, даанасын 5 сом 50 тыйындан Баткен, Ош облусуна жана кошуна Тажикстанга чейин сатууда. Заводдо 80 киши жумуш орду менен камсыз болуп, орточо 15 миң сомдон маяна алууда. Учурда күн сайын 40 миңден 50 миңге чейин кыш өндүрүлүүдө. Бул аймактагы топурактын запасы 20 жылга жетет, дейт адистер.

Ушул эле күнү аталган айыл аймактын Жаңы-Жер айылында узундугу 2 чакырым болгон ички жол пайдаланууга берилди. Жалпы сметалык баасы 10 млн сомду түзгөн бул жолго учурда республикалык бюджеттен 4 млн 600 миң сом каралып, жолдун 1 чакырымына асфальт басылган.

Пикир

Оставить комментарий