• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында сапатсыз салынып баштаган спорт залдын курушу буздурулууда

Аймак 0


Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айылынын С. Раимбеков атындагы мектебинин спорттук залынын курулушу буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, бирок куруу учурунда кемчиликтер аныкталган.

Тактап айтканда, сапатсыз куруу жана долбоордон чектөө болгону үчүн "MERIBELL Tekstil Insaat" ЖЧКга Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан айып пул салынып, өз убагында курулуш токтотулуп, сапатсыз салынган курамалар буздурулду.

Пикир

Оставить комментарий