• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде үйүнө баңгизат сактаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Баткенде үйүнө баңгизат сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук милициянын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери үйүндө баңгизат сактап жүргөн жаран тууралуу маалымат алышкан.

Алынган ыкчам маалымат облустук милицияга катталып, мыйзамга ылайык кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну Ш.И.нин үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, 84 граммдан ашуун өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү зат табылган. Тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп, алынган сат 84 гр 65 мг "опийим" экени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган Ш.И. мурда сот жообуна тартылгандыгы маалым болуп, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий