• 88.68
  • 95
  • 0.95

Байтиктен Кашка-Сууга чейин 14 чакырым велосипед жолу курулат

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Чүй облусунда узундугу 14 чакырымды тузгөн велосипед жолу курулат. Бул тууралуу КР туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол Байтик айылынын аркасынан баштап фонд тарабынан жишке ашырылып жаткан Baytik Mountain Resort курортуна чейин барат.

"Велосипед жолу салына турган азыркы жол алты километрге созулат. Анын ичинен 350 метри кайра курулат. Ала-Арча дарыясына эки көпүрө курулат, анын бири мурдагы көпүрөнүн ордуна, экинчиси жаңы жерде курулат. Аларда велосипедчилер үчүн жол да бар. Долбоордо унаа ана велосипед токтотуучу жайлар каралган", - деп айтылат маалыматта.

Долбоор Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун заказы боюнча "Кыргыздортранспроект" долбоорлоо институту иштеп чыгып бекитилди. Курулуш иштери ушул жылдын жазында башталатры күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий