• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адылбек Касымалиев менен Армениянын элчиси кызматташтыкты талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондянды кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кыргыз-армян кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жана Өкмөт башчылар кеңешинин жыйындарынын, ошондой эле ушул жылдын октябрда Бишкекте өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарынын алкагында боло турган иш-чараларды талкуулашты

Пикир

Оставить комментарий