• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев: Калкты каттоо департаментинин ишин санарипсиз элестетүү кыйын

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы жана паспорт системасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бакыт Төрөбаев өлкөнүн каттоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын баш кошкон бактылуу үй-бүлөнү каттап, андан ары жаңы төрөлгөн бактылуу баласына жашоосундагы биринчи юридикалык документти – туулгандыгы тууралуу күбөлүктү бергенин, ошентип каттоо кызматкерлеринин көз алдында адамдын бүт жашоосундагы бардык өзгөрүүлөр: төрөлгөндөн тартып бул дүйнөдөн көзү өткөнгө чейинки тагдыры документтештирилип өтөөрүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин ишин санарипсиз элестетүү кыйын экенин айткан Бакыт Төрөбаев, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун негизги процесстерин автоматташтырган маалыматтык системалар иштин динамикасына дагы, маалыматтарды иштеп чыгууга дагы, убакытты үнөмдөөгө дагы шарт түзүүдө. Ошондуктан мындан ары иш процесстерин автоматташтыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү боюнча иштерге өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Кыргызстан калкты персонификациялаштырылган идентификациялык документтер менен документтештирүү жаатында максатка багытталган жана ырааттуу мамлекеттик саясатты жүргүзөт. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту – бул жарандык авиациянын эл аралык уюму тарабынан коюлган заманбап эл аралык талаптарга жооп берген биометрикалык технологиялардын негизинде корголгон жана заманбап документ.

Майрамдык иш-чаранын соңунда калкты документтештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон салымы үчүн каттоо тармагынын ардагерлерине жана кызматкерлерине тиешелүү ведомствонун төш белгилери, ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий