• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Разаков БУУ АУЖКБ аймактык өкүлү менен адам укуктары боюнча актуалдуу темаларды талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Ришард Коменда менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр БУУ АУЖКБ аймактык өкүлүн Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул окуяга арналган иш-чараларга активдүү катышып жатканын белгиледи.

Жеңиш Разаков канааттануу менен белгилегендей, учурда Кыргызстан жана адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын ортосундагы жана башка органдар менен адам укуктары тармагындагы кызматташуу деңгээли кыйла жогору болуп саналат.

«БУУ АУЖКБ демократиялык институттарды бекемдөөгө жана жарандык коомду өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөн артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Сиз тараптан техникалык колдоо жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот реформаларынын алкагында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топторго кеңеш берүү түрүндө олуттуу көмөк көрсөтүлдү. Бул багытта кылмыш сот адилеттиги тармагында мыйзам долбоорлорунун топтомун иштеп чыгууга жардам көрсөтүүчү жөнгө салынган иштер аткарылган, ага Жазык-процессуалдык кодексти кабыл алуу кирет», - деди Жениш Разаков.

Анын айтымында, маданий, социалдык-экономикалык жана экологиялык укукту өнүктүрүүнү камсыздоо коомдун туруктуу өнүгүшүнө кыйла күчтүү таасир берет, буга байланыштуу ал АУЖКБ көңүлүн бул укуктарды өнүктүрүү жаатында иш-чаралардын жана долбоорлордун санын көбөйтүү зарылдыгына бурду.

Вице-премьер-министр Кыргызстанда адам укуктарын коргоо жана сыйлоо багытында көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн, ошондой эле адам укуктары жаатында семинарларды өткөрүү жана БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына Кыргыз Республикасынын улуттук баяндамаларын даярдоого финансылык жардам көрсөтүү үчүн ыраазычылык билдирди.

Аймактык өкүл Ришард Коменда БУУ АУЖКБ менен өз ара кызматташууда Кыргызстандын активдүү позициясын жана анын БУУ адам укуктары боюнча Кеңешиндеги ролун белгиледи.

Ал ошондой эле БУУ АУЖКБ өлкөдө адам укуктары боюнча түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга мындан ары да аракеттешүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар орун алган маселелер боюнча биргелешкен кызматташтыкты активдүү улантууга өз ара даярдык билдиришти.

Кыргыз Республикасынын

Пикир

Оставить комментарий