• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ОшМПУ Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети менен кызматташат

Билим 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетине (ОшМПУ) Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин (БГПУ) ректору Салават Сагитов келди. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Ал окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуп, таанышып, баарлашты. Жолугушууда алгач ректор жыйындын мүчөлөрү менен тааныштырып, окуу жай тууралуу кыскача маалымдама билдирди.

Андан соң, Салават Сагитовго сөз берилип, ал Кыргызстандын ЖОЖдору менен алака түзүп, кызматташуу максаты күч экенин белгиледи. Бул менен бирге БГПУ жана андагы кыргыз-англис борбору тууралуу маалыматтарды айтып, студенттерди, магистрлерди билим алууга чакырып, билим берүү айдыңында байланыш жүргүзүүнү сунуштады.

Кыргыз жана башкыр тилдери котормосуз түшүнүктүү болгондуктан баарлашуу жогорку маанайда коштолуп, окуу жайлар алдыда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, натыйжалуу иштерди аткарууга белсенип, жыйынтыгында ректорлор эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Аны улай коноктор студенттер менен да жолугушуп, БГПУ жана андагы шарттар, студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр боюнча маалыматтарды айтып, катышуучулардын кызыкдар болгон суроолоруна жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий