• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинети КРнын ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуусунун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлигинин органдарында төрагалык кылуусунун алдын ала жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, буга дейре Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан үстүбүздөгү жылга жана жакынкы келечекке карай Евразиялык экономикалык бирлигин чыңдоого багытталган артыкчылыктуу милдеттер аныкталган.

«Бирликтин органдары үстүбүздөгү жылы Бирликке мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун камсыздоого жана интеграциялык биримдик өлкөлөрүндө жашаган калктын бакубатчылыгын жогорулатууга максатталган ыкчам жана маанилүү чечимдерди кабыл алуу менен максималдуу активдүүлүктү көрсөтүштү. Тышкы жагымсыз факторлорго карабастан, жалпы Бирликтин ИДПсынын кескин түшүп кетүүсүнө жол берилген жок. ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2022-жылдын январь-октябрында 1,3 трлн АКШ долларын, же 2021-жылдын ушул мезгилиндеги деңгээлге карата 100%ды түздү. Өнөр жай өндүрүшү Кыргыз Республикасында – 14,3% га, Армения Республикасында – 9,9% га, Казакстан Республикасында – 1,4% га, Россия Федерациясында – 0,1%га көбөйгөндүгү, ал эми Беларусь Республикасында – 5,9%га төмөндөгөндүгү байкалган. Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүү ыргагы – 107,0% ды жана анын көлөмү 781 млрд сомду түздү.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы демилгелери боюнча оң чечимдерге кеңири токтолду.

Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын маалыматына ылайык, төмөнкү бир катар чаралар кабыл алынган:

– Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын июнь айында Минск шаарында өткөн отурумунун жүрүшүндө Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасынан ташып кирүү бажы алымдарынын суммасын чегерүү жана бөлүштүрүү боюнча өз ара милдеттенмелерди эсептөөнү кайра баштоо маселеси чечилди, бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине 2022-жылдын февралынан тартып 3,5 млрд сом суммасында "тоңдурулган" бажы алымдарынын түшүүсүн камсыз кылды;

– ЕАЭБ жөнүндө келишимге ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул мүчө мамлекеттин чегинен тышкары чыкпастан кирүү максаттарын өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү өзгөртүүлөр киргизилди;

– Бирлик өлкөлөрүндө окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюлду;

– Кыргыз Республикасына үчүнчү өлкөлөрдөн кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүгө карата тарифтик жеңилдиктердин колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-августунан 31-ктябрына чейин узартылды. Муну менен кантты импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр канттын тартыштыгынын шартында толук көлөмдө 105 миң тонна тарифтик квотаны пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту;

– электромобилдерди ташып келүүгө карата тарифтик жеңилдик белгиленди. Натыйжада Кыргыз Республикасы 2022- жылы 5 000, 2023-жылы 10 000 даана электромобилдерди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду;

– Евразия экономикалык форумунун жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын эгидасы астында 2022-жылдын 25-майында Евразия тармактык университети түзүлгөн. Алдыңкы ЖОЖдордун ректорлору тармактык университетти түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Азыркы учурда Меморандумга бардык мүчө мамлекеттердин ичинен 19 ЖОЖ кошулду;

– Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентине ата мекендик автомобиль куруу субъекттери мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан сыноо лабораторияларына транспорт каражаттарын жөнөтпөстөн транспорт каражаттарынын тибин жактырууну алуунун "жөнөкөйлөштүрүлгөн" жол-жобосун караган өзгөртүүлөр киргизилди;

– Туруксуз тышкы конъюгатура шарттарында Бирликтин ички рыногунун биримдигин сактоо жана аны керектүү товарлар менен толтуруу максатында, өтө сезимтал азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар (буудай жана меслин, арпа, жүгөрү, күн карама уруктары, кант, күн карама майы, регенерациялануучу кагаз, ошондой эле кара металлдардын калдыктары жана сыныктары) боюнча индикативдик баланстар бекитилди;

– Бирликтин мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү актыларына өзгөртүүлөр киргизилди, алар ата мекендик өндүрүүчүлөргө ("Автомашрадиатор" ЖЧКсы) мүчө мамлекеттердин ишканаларына өз продукцияларын тоскоолдуксуз жеткирүүгө мүмкүндүк берди;

– Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын өз ара соодалашуу навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө тескеме кабыл алынды, ал өз ара соодалашууда товарлардын жүгүртүлүшүнүн мыйзамдуулугун жана товарлардын эркин жүрүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет;

– мүчө мамлекеттерде катталган дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн мамлекеттик каттоонун жыйынтыктарын таануу боюнча чечим кабыл алынды. Демилгени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын аймагында жашоого маанилүү дары каражаттарын каттоону жеңилдетет;

– Бажы бирлигинин "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка талаптар жөнүндө" техникалык регламенти боюнча өткөөл мезгил узартылды. Бул ата мекендик мунай өндүрүүчүлөргө ишканаларды 2025- жылга чейин модернизациялоону аяктоого мүмкүндүк берет;

– пандемия учурунда мүчө мамлекеттердин аймагында жарандардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу максатында, COVID – 19 каршы эмдөө жөнүндө сертификаттарды өз ара таануу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий