• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Базар-Коргондо велосипедистти сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 18-декабрда саат 22:30 чамаларда Бишкек – Ош унаа жолунун Базар-Коргон району аркылуу өткөн 539-чакырымында велосипед минип бара жаткан адамды белгисиз автоунаа коюп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Айдоочу жабырлануучуга жардам көрсөтүүнүн ордуна окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча Жол кыймылынын коопсузугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге барып, сынып, түшүп калган тетиктер оң рулдуу "Хонда" үлгүсүндөгү автоунаага таандык экендигин аныкташкан. Ошол замат облус аймагында атайын "Тосмо" иш-мерчеми киргизилип, тиешелүү посттор коюлган.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма участогунан, оң тараптагы фарасы сынган, артты кароочу күзгүсү жок, урунган абалда бара жаткан унаа ЖКККБ кызматкерлери тарабынан токтотулган. Текшерүү учурунда жол кырсыгы болгон жерден табылган автоунаанын сынык тетиктери кармалган унаага дал келген. Кылмышка шектүү Ала-Бука районунун тургуну 31 жаштагы К.Ф.С. экени аныкталып, автоунаасы менен жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий