• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт департаментинин директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Аны эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырып, Кыргызстандын атын чыгара турган тармактардын бири – спорт экенин белгилеп, спортчулар менен тыгыз, натыйжалуу иштеп, Кыргызстандын желегин көптөгөн чет өлкөлөргө желбиретесиз деген ишеничин билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган департаментти Канат Шабданбаев жетектеп келген, ал жетекчилик кызматка 2022-жылдын 19-октябрында дайындалган. Ал кезде департамент Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктиги болгон.

Айбек Абдымомунов 1983-жылы 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. 2004-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин дене тарбия адистиги аяктаган. Бокс менен 6-классынан тарта машыгып, эң жакшы натыйжаларга жетишкен.

Эмгек жолу:

2002-ж. Каракол шаарындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде бокс боюнча машыктыруучу;
2005-2010-ж.ж. Түп балдар-өспүрүмдөр мектебинде бокс боюнча машыктыруучу;
2010-ж. Бишкек шаарынын бокс боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде окуу бөлүгү боюнча директордун орун басары;
2011-2014-ж.ж. жеке ишкерлик менен алектенген;
2014-2015-ж.ж. Бишкек шаарынын бокс боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору;
2015-2016-ж.ж. бокс боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин кайра уюштурууга байланыштуу спорттук мушташ өнөрү боюнча директордун орун басары;
2016-2017-ж.ж. спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясында бокс боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу;
2017-2018-ж.ж. Ысык-Көл облустук олимпидалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору;
2018-ж. "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин спорт боюнча инструктору;
2018-2019-ж.ж. "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин өрткө каршы кызматынын башчысы;
2019-2020-ж.ж. Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун башчысы;
2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мамлекеттик мекемесинин директору кызматында иштеген;

Бокс боюнча улуттук категориядагы калыс, Кыргызстандын бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Пикир

Оставить комментарий