• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азиз Эсенов Жол фондунун директору болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Азиз Эсенов Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бүгүн, 5-апрелде жаңы жетекчини жамаатка транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев тааныштырды. Ишине ийгилик каалаган министр алдыга коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу үчүн буга чейин топтолгон тажрыйбаны толук жумшап, жакшы натыйжа көрсөтөрүнө ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты аркалап келген Бекназар Базаралиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Азиз Эсенов 1977-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.

1994-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин коммерция багытында бакалавр, 2016-2018-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде менеджмент багытында магистрдик билимге ээ болгон. Эмгек жолун 1999-жылы каржы бөлүмүндө катардагы кызматкерден баштаган. Ал Бишкек шаарынын Свердлов районунун каржы бөлүмүнүн башчысы, Кочкор районунун акиминин орун басары, “IGM Group” ЖЧКсынын башкы директору жана бир топ кызматтарды аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий