• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Молдогазиев Грузиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Николоз Лалиашвили менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар парламенттер аралык чөйрөдө кызматташууну активдештирүү, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын ишин жандандыруу, ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий