• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Молдогазиев Норвегиянын элчисинин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-мартында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Осло шаарындагы резиденциясы менен Норвегия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Джон Микал Квистаддын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Айбек Молдогазиев Кыргызстан Норвегия менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу саясий диалогду, анын ичинде эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда үзгүлтүксүз саясий консультацияларды жүргүзүү аркылуу колдоого кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чаралар тууралуу пикир алмашты. Билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Норвегиянын бизнес байланыштарын чыңдоого көмөктөшүү жолдору каралды.

Көп тараптуу уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери өзүнчө талкууланды.

Украинадагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Кыргызстан кандай гана жаңжал болбосун, саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек деп эсептери белгиленди. Эгер болгон форматтар жана механизмдер иштебей калса, анда бардык кызыкдар тараптар кырдаалды жөнгө салуу үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде жаңы ыкмаларды издеш керек.

КР тышкы иштер министринин орун басары Норвегиянын элчисине дипломатиялык ишмердигинде ийгиликтерди каалап, ошондой эле КР Тышкы иштер министрлиги бул миссияда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий