• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдарбеков Казакстандын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрель күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жактуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, коронавирус инфекциясына каршы турууда эки өлкөнүн өз ара кызматташуусун талкуулаган.

"Аны менен бирге кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу унаа каражаттарынын жүрүүсүнө байланышкан кырдаал боюнча сүйлөшүү болду. Министрлер жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жакшыртуу боюнча ишти күчөтүү маанилүү экенин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий