• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдоочулардын эсине! Жукеев-Пудовкин көчөсүнө токтотулган унаалар эвакуацияланат

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнө токтотулган унаалар эвакуацияланат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келишине байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

“Бүгүн түнү жана эртең менен Жукеев-Пудовкин (эки тарабына тең) көчөсүнүн А.Токомбаев көчөсүнөн тартып, И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө автоунааларды такыр токтотпой турууну өтүнөбүз. Түнкүсүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн жээгине калтырып кеткен автоунааларды эвакуатор жүктөп кетээрин алдын ала эскертебиз”, - деп айтылат маалыматта.

Кайгуул кызматы жарандардан шаардын негизги көчөлөрүндө токтоткон унааларынын алдыңкы терезелерине телефон номерлерин калтырып коюну суранат.

Пикир

Оставить комментарий