• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аймактарда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу уланууда

Билим 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкө боюнча жалпы 500 кыска мөөнөттүү бала бакчаны ачууну пландоодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда министрлик мамлекеттик райондук администрация жетекчилиги, райондук, шаардык билим бөлүмдөрүнүн башчылары жана тиешелүү облустагы айыл өкмөт башчылары менен атайын жадыбал боюнча онлайн жыйындарды өткөрүп жатат. Жыйында “Келечек үчүн билим берүү” долбоору тууралуу маалымат берилип, балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, кыска мөөнөттүү бала бакчанын модели жана аны ачуу шарттары түшүндүрүлүүдө.

Мындай бала бакчаларда балдар 3 саат гана болушат. Балдарга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү кызматтары гана көрсөтүлүп, тамак берүү, уктоо каралган эмес. Мектепке чейинки билим берүүнүн бул форматы экономикалык жактан пайдалуу жана аз каражат керектейт. Долбоордун алкагында ар бир бакчада балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттар түзүлөт, окутуу, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалат.

Кыска мөөнөттүү бакчаларды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтуу аз болгон алыскы жана тоолуу аймактар, чек ара айылдары, ошондой эле этникалык азчылык өкүлдөрү жашаган райондордо ачуу мерчемделген.

Учурда жергиликтүү бийликтен өтүнмөлөрдү кабыл алуу жүрүп жатат.

Министрликтин өкүлдөрү буга чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облусунун өкүлдөрү менен онлайн жолугушууларды өткөрдү. Калган облустар менен жолугушуулар жадыбал боюнча уюштурулуп жатат.

“Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун максаты - балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана орто мектеп мугалимдеринин эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Долбоордун багыттарынын бири боюнча 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат жана 700 тарбиячы окутуудан өтөт.

Пикир

Оставить комментарий