• 88.68
  • 95
  • 0.95

1-класска электрондук каттоо. 52,8 миң бала кабыл алынды

Билим 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмү баланы 1-класска электрондук каттоо боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн, 22-апрелге карата 52 миң 816 бала 1-класска катталды.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

  • Ысык- Көл облусу: 5091 (жалпы квота – 13 миң 821)
  • Жалал-Абад облусу: 10 109 (жалпы квота – 34 миң 778)
  • Нарын облусу: 3533 (жалпы квота – 7 миң 741)
  • Баткен облусу: 6229 (жалпы квота – 16 миң 190)
  • Ош облусу: 10 101 (жалпы квота – 35 миң 785)
  • Талас облусу: 2937 (жалпы квота – 6 миң 957)
  • Чүй облусу: 7801 (жалпы квота – 31 миң 474)
  • Бишкек шаары: 5505 (жалпы квота – 17 миң 908)
  • Ош шаары: 1510 (жалпы квота – 11 миң 233)

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

Пикир

Оставить комментарий