• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айпери Медет кызы Түркиядагы эл аралык мелдештин чейрек финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 25.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Алгачкы атаандашы россиялык Кристина Шумованы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде артта калтырды.

Чейрек финалда Медет кызы россиялык балбан Екатерина Букина менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий