• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

КР элчиси QIA Азия-Тынч океан жана Африка инвестициялары бөлүмүнүн башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катар Инвестиция башкармалыгынын (QIA) Азия-Тынч океан жана Африка инвестициялары бөлүмүнүн башчысы Шейх Фейсал бин Тани Аль-Тани менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, QIA - мамлекеттик инвестициялык институт жана дүйнөлүк ири көз карандысыз байгерчилик фонддордун катарына кирет. Негизги инвестициялары Европа, АКШ жана Азия-Тынч океан регионунун өлкөлөрүндө жүзөгө ашырылат.

Инвестиция тармагында өз ара аракеттенүү үчүн приоритеттүү багыттар каралды, ошондой эле талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий