• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Манас" аэропорту жогорку технологиялык жаңы жабдууларды сатып алды

Коом 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. "Манас" эл аралык" аэропорту жаңы жогорку технологиялык жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан бил диришти.

Маалыматка ылайык, аэропортто тейлөө деңгээлин жана эксплуатациянын натыйжалуулугун жогорулатууга умтулуу менен техникалык инфраструктураны модернизациялоо жана чыңдоо иштери уланууда.

"Бул стратегиянын алкагында аэропорт учактарды жана аэропорттун өзүн үзгүлтүксүз эксплуатациялоону жана тейлөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жаңы жогорку технологиялык жабдууларды сатып алды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы сатып алынган техникалардын арасында жүктөрдү тез жана ишенимдүү жеткирүү үчүн арналган заманбап үч жүк ташуучу атайын техника жана аба кемелерин энергия менен камсыз кылуу үчүн жети дизелдик энергия булагы бар. Мындай аракет Кыргызстандын аэропортторунун техникалык тейлөө процесстерин жана үзгүлтүксүз иштешин оптималдаштырууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий