• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 100дөн ашуун гараж демонтаждалууда

Коом 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Бишкектин Асаналиев 12 көчөсүндөгү «№27а гараж» кооперативин демонтаждоо иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 108 гаражды демонтаждоо иштери «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын долбоору боюнча жүргүзүлүп, Бакаев көчөсүнө Л. Толстой көчөсүнөн Ж. Бөкөнбаев көчөсүнө чейин темир жол аркылуу эстакадалык өтмөк курууга тоскоолдук жараткан.

Буга чейин, 2024-жылдын 15-февралында «Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар» муниципалдык ишканасы «№27а гараж» кооперативин менен унаа токтотуучу жайларды берүү боюнча ижара келишимин бузган.

2024-жылдын 16-февралында жетекчилик тарабынан 5 календардык күндүн ичинде ыктыярдуу түрдө муниципалдык жерлерди бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Гараждарды демонтаждоо иштери мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Ленин райондук акимиаты, транспорт департаменти жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий